super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: Рамзан Кадыров Олимпиадага катышкан жана барбай калган спортчуларга унаа белек кылды

 

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Рамзан Кадыров Олимпиадага барып келген спортчулардын баарына унаа белек кылды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Zor_go).

Чечен Республикасынын Орусия курама командасына кирген 6 спортчусуна аталган республиканын өлкө башчысы Рамзан Кадыров 3-сентябрь күнү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалардын ачкычтарын тапшырган. Алардын төртөө: Адлан Абдурашидов, Ислам-Бека Альбиев, Ислам Магомедов, Анзор Болтукаев Олимпиада оюндарына катышкан. Ал эми оор атлетчилер Апти Аухадов, Адам Малигов Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы уюмдун чечими менен Бразилияга бара алышкан эмес. Ошондой эле Румыния өлкөсүнүн атынан чыккан Альберт Саритовго да унаа тапшырылган.

"Биздин жигиттер Олимпиада оюндарына аябай даярданышып, жеңишке жете алышкан жок. Ошентсе да алар биз үчүн жеңүүчүлөр болуп саналышат. Жигиттер өлкөдөгү эң күчтүү спортчулардын катарына кирип, төрт жылда бир өтчү оюндарга жолдомо алышкан. Алар көп улуттуу Орусия өлкөсүнүн намысын татыктуу коргошту", - деп билдирген Рамзан Кадыров.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
12.09.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аша сабак алса болгудай бул адамдан.
12.09.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыргыз элине.да Рамзан Кадыровдой президент керек!!!
12.09.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат го. Баалайт экен спортчуларын.
12.09.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Буларды чечен кавказ дейт. Аябай ожор, бирин бири катуу колдошот.
12.09.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул Рамзан Кадыров. Биздики Алмазбек Атамбаев.
12.09.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен Рамзан Кадыровду сыйлап келгем жана сыйлайм. Саясатта болсун, жеке турмушунда болсун улгу болоорлук адвм.
12.09.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат Кадыров, жолдомо алган спортсмендерге машина белек кылып жатат.Биздикилер да ушулардан сабак алып , жок дегенде Артыковго 3чу местага жарыяланган сыйлыгын берип койсо жакшы болмок.Бир эле Иззат эмес, кыргыз эли да суйунуп калмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: