Аксы районунун акиминин уулу май куюучу жайды тоногон деп шектелип кармалды
Жалал-Абад облусундагы Аксы РИИБинин кызматкерлери тарабынан район борборунан "Газпром" май куюучу жайын тоногон деп шектелип 2 жаран кармалды. Жалал-Абад ОИИБинин кызматкери Таалайбек Сусунбаевдин айтымында, окуя 13-апрель күнү, саат 05:00 чамасында болуп өткөн. Кылмышка шектүүлөр май куюучу жайдын күзөтчүсүнө уктатуучу дары берип, ал уктап калган соң кассаны тоноп, 800 миң сом алып кетишкен. Окуядан соң аталган жайда орнотулган видеокамералар текшерилип, тоноочулар белгилүү болгон. Алардын бири Аксы районунун акиминин уулу, экинчиси ошол эле май куюучу жайдын кызматкери экендиги белгилүү болду. Алгач 18 жаштагы акимдин уулу кармалып, андан кийин шериги колго түшүп, анын үйүн тинтүүгө алганда 707 миң сом табылды. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Шаиста Шатманова

16.04.2013. 09:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле, атасын жаманатты кылыптыр. КСДП тарабынан келсе керек эле, кызматка, бул аким.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.