super.kg logo

Мексикада 40 миңдей адам президенттин бир жыныстуу никеге уруксат берүү сунушуна каршы чыкты

 

10-сентябрда Мексиканын Керетаро шаарында 40 миңдей адам чогулуп, узундугу 3-4 чакырым болгон жүрүш өткөрүштү. Бул тууралуу "Ройтерс" басылмасы жазып чыккан.

Жүрүшкө Мексиканын президенти Пенья Ньетонун бир жыныстуу никени мыйзамдаштыруу сунушуна каршы болгондор чыгышкан. Иш-чараны Улуттук үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо фронту, коомдук жарандык уюмдардын коалициясы жана ар кандай диний топтор уюштурушкан. Алгач жүрүшкө 5 миң гана адам катышмак.

"Бул сунуш керетаролуктарды үй-бүлөлүк баалуулуктарын коргоо үчүн ойготту, мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Биздин топ бир жыныстуу никеге каршылардын 100 миңден ашуун кол жазмасын чогултту", - деген Улуттук үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо фронтунун өкүлү Хосе Алькантара.

Белгилей кетсек, бир жыныстуу никеге Мексиканын борбору Мехикодо жана дагы башка бир нече штаттарында уруксат берилген. Пена Ньето Конституцияны өзгөртүп, никенин бул түрүнө өлкө боюнча уруксат берүүнү сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.09.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы болуптур каршы чыгышканы.
12.09.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу да ошондойго.
Нормальный адам колдомок беле
Sharos3 түзөттү 2016-09-12 12:51:36
12.09.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мексиканын да шору бар экен го бизге окшоп. ..
Президенттерге не болгон,бироо Конституцияны озгортууго,бироо бир жыныстууларды колдоп?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: