super.kg logo

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун өпкө оорусу менен ооруганы белгилүү болду

 
8-августта Хиллари Клинтондун бутуна араң туруп турганы жана эки адам жөлөп үйгө киргизип баратканы интернетке жарыяланган эле.
1-сентябрда да Нью-Йорк шаарында 15 жыл мурун болгон терактта курман болгондорду эскерүү иш-чарасында Хиллари Клинтон өзүн жаман сезип, жан сакчыларынын жардамы менен унаага жеткирилген.
АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун ден соолугу АКШ коомчулугунун көңүл чордонунда болуп, кызуу талкууга алынууда. 8-августта анын бутуна араң туруп турганы жана эки адам жөлөп үйгө киргизип баратканы интернетке жарыяланган эле. 11-сентябрда да Нью-Йорк шаарында 15 жыл мурун болгон терактта курман болгондорду эскерүү иш-чарасында ал өзүн жаман сезип, жан сакчыларынын жардамы менен унаага жеткирилгени интернетке тарады.

Клинтондун жеке дарыгери Лиза Бэрдактын айтымында, 9-сентябрда жүргүзүлгөн медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында президенттикке талапкердин өпкө оорусу (пневмония) менен ооруганы аныкталган. Мындан улам Клинтонго иштөө тартибин өзгөртүү жана эс алуу сунушу берилген.

Айта кетсек, АКШда президенттик шайлоо 2016-жылдын 8-ноябрында өтөт. Анда эки талапкер ат салышат. Алар: Республикалык партиянын атынан чыккан Дональд Трамп жана Демократиялык партиянын атынан чыккан Хиллари Клинтон. Учурдагы президент Барак Обама 2008-жылы президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан чыгып, жеңишке жеткен. 2012-жылы ал президенттикке кайра шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.09.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
2011ж. Хиллари Клинтон Ливиянын президенти Каддафини мыкаачылык м-н олтурушконуно аябай суйунгон эде анда Хиллари томонку создорду айткан Пришли,увидели,убили.Мынаа эми Аллахым Хилларини ошол создору у-н жазалап жатат.
13.09.2016. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGstan1981,Эде беде,айтте майтте
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: