super.kg logo

Жүзүнө кислота чачылган соң көзүнөн ажыраган Решма Кереши мода жумалыгында жылдызга айланды (фото)

 

Адам баласы башына кандай кайгы түшпөсүн, баарын жеңип чыгууга болорун жана эркинин күчтүүлүгүн 19 жаштагы индиялык модель Решма Кереши көрсөтө алган. Ал өткөн жумада Нью-Йорк шаарында старт алган мода жумалыгында подиумга чыгып, кыска убакытта социалдык тармактарда белгилүү болуп, жылдызга айланды. Анын жүзүнө 17 жашында кислота чачып жиберишкен. Ушул каргашалуу окуядан соң анын көзү көрбөй калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Көрүүчүлөрдүн кол чабуусунда Кереши дизайнер Арчана Кочхардын колунан чыккан узун көйнөк кийип подиумга чыккан. Өзүнүн бул чыгуусу менен жаш модель элдин көңүлүн дүйнөнүн ар кайсы жеринде сатылган кислота сатуу көйгөйүнө бурууну каалаган.

"Бул көрсөтүү мен үчүн абдан маанилүү, себеби мага окшогон кыздар аябай көп. Мен аларга дем бергим келет. Ошондой эле адамдын сырткы көрүнүшүнө карап баа берүү туура эмес экенин элге жеткиргим келет", - деп билдирген модель.

Мындан 2 жыл мурун Решманын эжеси күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай үйүнөн кетип калган. Күйөөсү аялынан өч алуу үчүн досторун ээрчитип барган учурда эжесин коргоо максатында Решма ортого түшө калат. Ошондо эркектер экөөнө тең кислота чачып жиберишет. Учурда Кереши кислота чабуулунан жабыркагандарды коргогон "Make Love Not Scars" уюму менен кызматташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
12.09.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Азаматсын,эркине баа бердим! Жашоодогу ийгиликтер коштоп журсун!!
12.09.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай гана жагдай болбосун кол куушуруп отуруп калбай, баарын жеңсе болоорун далилдептир бул кыз. Азамат экен. Үлгү ала турчу кыз.
12.09.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурдагы тусу кандай болгон экен? Ошону да коройун десе...
15.09.2016. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр 21кылым го?Бетин ондотуп алса болот эмеспи деген ой кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: