super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 12-СЕНТЯБРЬ: Мындан 103 жыл мурун америкалык жеңил атлет Жесси Оуэнс төрөлгөн

 

Мындан 103 жыл мурун узундукка секирүү жана чуркоо боюнча америкалык жеңил атлет Жесси Оуэнс АКШнын Алабама штатындагы Оуквилль аттуу жерде төрөлгөн.

1936-жылы Германиянын Берлин шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 4 ирет чемпион болгон Жесси мекенине кайтып, ийгиликтери тууралуу басылмаларга маек берген соң түнөгөнгө жайы жок көчөдө калып калуу коркунучу жаралган, себеби ал учурда кара терилүү адамдарды адам ордуна көрүшчү эмес эле. Бир мейманкана гана ага түнөп калууга уруксат берет. Анда да ал эч кимге көрүнбөй арткы эшиктен кирүүсү керек болгон. Ал эми ошол учурда дүйнөлүк басылмалардын Олимпиада оюндарында чемпион аталган спортчу миллиондогон гонорарларды алат деп жазганы курулай жалган болуп чыккан. Ошентип, ал өзүн, үй-бүлөсүн багуу үчүн түрдүү кара жумуштарды жасай баштаган. Анын ысымын 1950-жылдары гана кара терилүү адамдарга болгон кысымды жоюу башталганда гана эстеп башташкан.
Көптөгөн рекорддордун ээси Жесси Оуэнске 35 жыл тынымсыз чылым чегүүдөн улам 1979-жылы декабрда дарыгерлер "өпкөнүн рак оорусу" деген диагноз коюшкан. Спортчу 1980-жылы 31-мартта АКШнын Аризона штатындагы Тусон шаарында 67 жашында көз жумган.

12-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: