Исфана шаарында ысырапкорчулукту жоюу боюнча коомдук талкуу болуп өттү
Лейлек районунун Исфана шаарында ысырапкорчулукту жоюу боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ысырапкорчулукту жоюуга арналган иш-чарага жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жаштар уюму, Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши жана анын жамааты, дин кызматкерлери катышты.
"Коомдук талкуунун жүрүшүндө той-аштарда, сөөк жашыруу зыйнаттарында ашыкча чыгымга жол бербөө, ысырапкорчулукту жоюу боюнча сөз болду. Катышуучулар тарабынан сунуштар кабыл алынып, атайын жобонун долбоору даярдалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-11-09
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
15:11
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Ысырапкерчиликти бу Ош, Жалалабатта, Нарында да жоюуга аракет кылса жакшы болмок?