super.kg logo

Тоолуу Чаткал районунда кышка карата даярдык көрүлүп, көмүр ташуу иштери башталды

 

Чаткал районунда кышка карата даярдык көрүлүп, көмүр ташуу иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG порталына Чаткал районунун администрациясынын сектор башчысы Тимур Аликеев билдирди.

"Райондун аймагындагы социалдык мекеме-ишканаларды жана мектептердин жылуулугун камсыздоо максатында көмүр ташуу боюнча тендер өткөрүлдү. Учурда көмүр ташып келүү иштери кызуу жүрүүдө. Чаткал айыл өкмөтүнө 103 тонна, Терек-Сай айыл өкмөтүнө 75 тонна, ал эми Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө 254 тонна көмүр ташылып келинет", - деп билдирди Аликеев.

Маалыматка ылайык, Сумсар айыл аймагы өзүн өзү каржылай албагандыктан, аталган айыл өкмөтүнө 50 тонна көмүр республикалык бюджеттин эсебинен ташылат. "Бүгүнкү күндө Сумсар айылына көмүр ташуу боюнча каражат маселеси чечилбей жатат. Бирок келишимдер түзүлүп, документ иштери такталган", - деп кошумчалады Аликеев.

Чаткал районуна көмүр 350 чакырым аралыктагы Таш-Көмүр шаарынан ташылып келинет. Жылуулукту камсыздоо иштери сентябрь айынын аягында жыйынтыкталат. Чаткал районуна жалпысынан 482,8 тонна көмүр ташылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: