super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндөгү тажиктердин коомдук бирикмеси: "Кыргыз жеринде 50 миңден ашуун тажиктер жашашат"

 

"Кыргыз менен тажик элинин ортосундагы турмуштук көйгөйлөрдү дипломатиялык жолдор менен чечүү үчүн биздин бирикме бардык күчүн жумшайт", - деп билдирди Кыргыз өлкөсүндөгү тажиктердин Абуабдулло Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин жетекчиси Равшанбек Сабиров бүгүнкү маалымат жыйынында.

"Кыргыз-тажик мамилелери учурда абдан жакшы өнүгүп жатат. Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунда этникалык кыргыздар, ал эми Кыргыз жеринде 50 миңден ашуун тажиктер жашашат. Ооба, Баткен облусунда кыргыздар менен тажик элинин ортосунда кээде турмуштук көйгөйлөр жаралып калып жатат. Биз тууган эл экенибизди унутпашыбыз керек. Достугубуздун 1000 жылдык тарыхы бар. Алсак, улуу "Манас" эпосундагы Санирабига эжебиз акылдуулугу, мээримдүүлүгү менен кыргыз элинин урматына алынып, Каныкей деген ысымга ээ болгон.

"Манас" эпосун тажик тилине которуу алгачкы кадамыбыз. Буюрса, кийинчерээк "Семетей", "Сейтек" эпосторун которуу пландарыбыз бар", - дейт Р.Сабиров.

Эске сала кетсек, кыргыздын улуу "Манас" эпосу тажик тилине которулуп, 500 нускада басылып чыкканы бүгүнкү маалымат жыйынында белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
13.09.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда тажиктер коп 600000 минден ашык тажиктер бар озу Кыргызстанда таза кыргыздардын саны 2500000 3000000 миллион калган 3000000 миллиону башка улуттардан турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: