super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Күйөөмдүн да, менин да айлыгымды кайненеме беребиз"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөңөр тапкан акчасын кимге берет?" деген тема талкууга алынууда.

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Жолдошуңар тапкан акчасын апасына береби же силергеби? Мен кайненем менен чогуу турам, кайненем күйөөмдүн да, кайнатамдын да акчасын сыгып алат. Кайын журту менен чогуу жашап, бирок жолдошунун акчаларын өздөрү кармаган келиндер да бар экен".

"Менин жолдошум апасына да, мага да акчасын карматпайт. Дайыма өзү коюп, өзү иштетет. Акчасын койгон жеринен да эч кимибиз тийишпейбиз. "Балам окууну бүтүп акча тапкандан баштап керектүүңүзгө жаратып алыңыз деп мага акча берет, сактап койгонго берген эмес, өзү кармайт" деп кайненем айтып калат".

"Менин күйөөм иштеп тапканын өзү кармайт. Биз сурасак берет. Мен алган айлыгыма өзүмө керектүү нерселерди алып, калганын жолдошума карматам".

"Жолдошум өзүнүн тапканын да, менин тапканымды да апасына салат. Айлык аларыбыз менен батирибиздин акчасын төлөйбүз, ичкен-жегенибизге, керектүүлөрүбүзгө алып калабыз, калганынын баарын кайненеме салабыз. Менин апама деле 1000 рубль салып коёлу десем да болбойт. Жакында апамдын туулган күнүндө жол киреге деген 1000 рублду салып жибердим. Тапкан акчабызды же өзүбүзгө топтобойбуз, кээде ушунун айынан урушуп да кетебиз. Ичим ачышып кетет".

"Келин болуп келген күнүмдүн эртеси жолдошум баарын мага табыштап жатып акчасын да кошо карматкан. Ошондон бери айлык алары менен мага берет, бирок мен касса катары гана кармап, сактап берем. Керек болсо четинен иштете бер дейт. Ата-энебизге канча акча керек болсо жиберип турат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.09.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркектер, иштеген аялынар болсо ата энесине майрамдарда жонотуп тургула. Иштебесе ошондо көрөсүңөр көргүлүктү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: