Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам каза таап, 7 адам жабыркады (фото)







Бишкек-Ош унаа жолунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн саат 14:15 чамасында Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында орун алган.
"Тойота Эстима унаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң киши жана 2 жаш бала каза тапкан. Унаанын 3 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракат менен жолдон өткөн унаалар, ал эми калган төртөө патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Хово унаасындагы 2 адам эч кандай жаракат алган эмес. Азыркы учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(16)
Alixan-Nookat.2015

13.09.2016. 16:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаткан жерлери жайлуу болсун! Акыркы кундору жол кырсыгынан каза болгондор аябай кобойду кудайым кырсыктардан сакта.
Alixan-Nookat.2015

13.09.2016. 17:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойота Эстима унаасында 12 адам болсо анда 5 адам коп жуктоп алган экенда.Он жак капталына тийген экен ошол жактагы адамдар каза болгон окшойт ичине тыгылып отурганда 3 адам отурчуу жерге 5 адам отуруп келген окшойт кудайым жаткан жерлери жайлуу болсун!
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2016-09-13 17:18:19
Martial-MU

13.09.2016. 17:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оң рульдуу машинага отургандын кесепетинен болуп жатат ушул окуялар,эч болбосо Бишкек Ош жолунда жүрүүгө тыюуу салыш керек оң рульдуу машиналардын жүрүшүнө.
Rifle_S

13.09.2016. 18:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оң рулдуу унаалардан эмес, айдоочудан көз каранды. 12 адам салып алган айдоочу жоопкерчиликсиз .
Alixan-Nookat.2015

13.09.2016. 18:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Martial-MU,Туура айтасын он рулдуу унааларга тыюу салбаса кырсык азайбайт озунор билесинер он рулдуу унаа менен озуп кетуу кыйын.
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2016-09-13 18:45:10
Kanzada97

13.09.2016. 18:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи таксистер кичине абайлап айдаш керек. Биз деле кечээ оштон келе жатып оодарылып калайык дедик жакшы кудай сактады.
Kanatbek81

13.09.2016. 18:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жол эрежесин сакташ керек,праваны сатыб алып каалагандай айдап журобуз.Баардык жэрде знактар коюлган.он жэ сол рульда эмес озубуздо куноонун баары.
sherzatik

13.09.2016. 19:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакында Бишкек Ош жолунда болуп келдим. Чынында абдан катуу ылдамдыкта айдашат анан да жол талашышат.жол эрежесин сактабагандыктан кырсык көп болууда. Бишкекте да Ошто да болдум шаардын ичинде башаламан,айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү көзгө илишпейт экен.эң жаман көрүнүш.
nurkasym-2014

13.09.2016. 19:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куноонун баары айдоочунун озундо.Катуу айдап,шашып.Кичине жол эрежесин сактап айдаса эле болот ко айланайын.Ашып кетсе 30минута кечиреек жеттер жетчу жерине.
Ibi86kg

13.09.2016. 21:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин Кыпчакбаев, бирге иштедик эле жайы жанатан Ыйманы саламат болсун 3кун мурда кордум эле фуркатан окунучту.!!!
Totyua.71.

13.09.2016. 21:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылдамдыкты азайтып ,жол эрежесин сактаса болот эле да ,праваны сатып алып эле айдашат!
Oylonkyrgyzym

13.09.2016. 22:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен өзүм тынымсыз Бишкеке каттап турам.Многу Естима Степ дегендер өтө каттуу ылдамдыкта жүрөт,анан деги элежол бербейт.Ушуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
incognito1

14.09.2016. 01:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде он же сол рульдун айрымасы жок. Айдоочуунун озунон зависит. Таксисттер озу каттуу айдашат. Мен эки жыл мурун сол эле руль тойота превия менен Кок-Белден каттуу тушуп баратып, кыш болчу, донгологу тайып барып, жолдон эки-уч айланып, арт жагы менен жолдогу знакты фундаментти менен жулуп кетип, анан жардан 4-5 одарылып, бир бакка илинип калганбыз. Жакшы кар калын экен, эч нерсе болгон жокпуз. Знакты жулуп скорость азайбаса, бакты жулуп речкага тушуп агып кетмек экенбиз. Кудай сактаган.
incognito1 түзөттү 2016-09-14 01:49:43
incognito1

14.09.2016. 02:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 13 жыл рульдамын. Анын 7 жылы только он руль айдадымго. Кудай сактасын, бир дагы кырсыкка кабылган жокмун, кабылбай эле коеюн, конечно. Просто он рульдар жакшы абалда келчу, 2-3 жыл эч жерин жасабай, только майын алмаштырып коюп айдап журо берсенин. Ошол учун элдер он рульду кобуроок алышчу. Кырсык ал он, сол рульга карабайт. Кечээ жакында эле 9 адамдын омурун алган жол кырсыгында эки машина тен сол руль болчу. Айдоочулар абайлап, эрежени сактагылачы! Каза болгондордун арты кайрылуу болсун!
satarovkubacom

14.09.2016. 02:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырылып буто турган болдукго, Кыргызстандын пейили бузулду, ошонун кесепетинен Ош-Бишкек жолунан 9-киши, Москва, орт кырсыгынан 14-кыз, эми бул беш киши дегеле пейилге жараша болот деген чын болуп жатат окшойт, Кыргыз эли пейлибизди ондойлу, каза болгондорго куран окуп сообун багыштап туралы, калган Кыргыз элибиздин журогоно ыйман тилеп, билип билбей кылган кунообузду кечируусун жараткан Аллах тааладан ыйлап дуа кылалы,,,,
kalima88

14.09.2016. 03:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундо кур эме болуп калды,каза болгондорго Аллахым бейишинен берсин!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.