Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жарандын иши сотко өттү
Өлкө башчыны "чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Расул Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал №1-СИЗОдо камакта отурат.
Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
8

Озбекстан болбойт.
Бирок бул копконду туура эле
кылат. Жооп берсин тряпка деген созуно
Мен лично Атамбаевди да, 120 депутатын да шайлаган эмесмин жана 25 жылдан бери бир да шайлоо таза болгонуна ишенбейм, включая 2010, 2011 жана 201
Так что "президентти эл шайлаган, аны сыйлашыбыз керек" деп мага мораль окубагыла. Мен элге чыккынчылык кылып кызмат ордун туура эмес иштерге пайдалангандарды сыйлабаймын... Атамбаев жана анын 120 депутатын (включая Текебаева) ким шайласа жана шайлоо жыйынтыктарына ишенсе сыйлай беришсин...