super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Фаридам" ырынын клибинде жаш актёрлорду 10 жылга карыттык" дейт ырчы Алмаз Шаадаев

 

Бүгүн, 13-сентябрда "Медиа-портал" бөлүмү Алмаз Шаадаевдин "Фаридам" ырынын жаңы клиби менен толукталды. Клипте башкы каармандардын образын SUPER.KG порталынын журналисти Максат Орозумбетов жана актриса Нуриза Бурханова жаратышкан. Ырчы клипти тартуу процесси кызыктуу болгонун айтып буларга токтолду:

"Фаридам" ырын Асылбек Өзүбековдун уруксаты менен ырдап чыктым. Актёр-актрисаларды аябай кылдаттык менен талдап жатып, көзү курч, көз карашы өткүр деп бир ооздон Максат Орозумбетовду тандап алдык. Кыздардан Нуриза Бурхановага токтолдук. Баары өз ишин мыкты билген профессионалдар болгондуктан, тартуу процесси аябай кызыктуу болду. 2 күндө тартып бүттүк. Башкы каарман Максаттын фобиясы унаа айдоо экен. Бирок ага карабай фобиясын жеңип, оор жүк ташуучу унааны аябай ачууланып айдап бараткан учурун тартуу да кызык болду. Анан да актёрлорду 10 жылга макияждын жардамы менен карыттык. Жыйынтыгында кызыктуу окуяларга толгон, түрдүү боёкторго боёлгон жакшы клип жарата алдык деп ишеничтүү айта алам".

Алмаз Шаадаевдин "Фаридам" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
14.09.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клип супсак болуп калыптыр!баягы эле тузу жок арзан клип!
14.09.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурутчан жигитти Жениш Майрамбек уулу го деп ойлоп алыпмын :-)
14.09.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурутчан жигит Супердин эле кызматкери Максат Орозумбетов болсо керек. Клиптеги кыз менен жигитти жакшы таңдаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: