super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-СЕНТЯБРЬ: Мындан 33 жыл мурун англиялык ырчы Эми Уайнхаус туулган

 
Күйөөсү Блейк Филдер-Сивил менен

Мындан 33 жыл мурун, 1983-жылы 14-сентябрда англиялык ырчы, музыканын R&B, соул, жаз жанрларында ырдаган Эми Уайнхаус Лондондо төрөлгөн. Ырчынын экинчи "Back to Black" аталыштагы альбому 6 "Грэмми" сыйлыгына татып, Эми Уайнхаус "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп "Грэмми" сыйлыгын алган биринчи жана жалгыз англиялык ырчы катары киргизилген.

2011-жылы 23-июлда ырчы Эми Уайнхаустун жансыз денеси Лондондогу үйүнөн табылган. 27 жаштагы Эми Уайнхаус алкоголдук ичимдикке ууланып каза тапканы айтылган.
  • Эми Уайнхаус 9 жашында театралдык мектепте окуп жүрүп алгачкы рэп-тобун түзгөн.
  • Эми өзүнүн ырларын 14 жашында жаза баштаган. Анда анын тобу "Bolsha Band" деп аталчу.
  • Бир канча убакыт Эми Уайнхаус "World Entertainment News Network" басылмасынын шоу-бизнес бөлүмүндө кабарчы болуп иштеген.
  • 2008-жылы "Grammy Awards" боюнча Эми "Мыкты артист" деп табылып, "Rehab" аталышындагы ыры "Жылдын мыкты ыры" болгондо, АКШ элчилиги ага виза бербей коюп, кечеге катыша албай калган.
  • Ырчы Брайан Адамс 2008-жылы Эмиге арнап "Flower Grown Wild" ырын чыгарган. Ырды Эмиге баңгизат менен күрөшүү жардамы катары жазган.

14-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: