super.kg logo

Бишкекте 17-сентябрда Республикалык комуз фестивалы өтөт

 
Бишкекте 17-сентябрда Республикалык комуз фестивалы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Кыргыз мырзалары" коомдук фонду, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте 2016-жылдын 17-сентябрында Улуттук академиянын Ботаникалык багында кыргыз элинин улуттук аспабы болгон комузга жалпы элдин жана өзгөчө жаштардын кызыгуусун арттыруу менен комуз үйрөнүүгө үгүттөө максатында Республикалык комуз фестивалын өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.
Республикалык комуз фестивалын алгачкы жолу саамалык катары өткөрүп, жыл сайын уюштурууну салтка айландыруу аракети көрүлүүдө. Фестивалда комуздардын көргөзмөсүнөн комуз сатып алууга жана комуз үйрөнүүгө устаттар менен кеңири таанышууга ыңгайлуу шарттар түзүлөрү маалым болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: