"Өзбек тарап Үңкүр-Тоону “биздин жер” деп, бизди кармап кетишти" дейт Урмат Бердалиев

22-август күнү Үңкүр-Тоодогу станцияда иштеп жаткан 4 кыргыз жаранын өзбек милициясы кармап кеткен. Бул боюнча эки тарап бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 18 күн дегенде гана кыргыз жарандары өткөрүлүп берилген. Урмат Бердалиев ошолордун бири. Ал болуп өткөн окуя тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди:
“Өзбек милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоону “биздин жер” деп, бизди кармап кетишти. Алар Эгемендүүлүк күнүнө карата паспорттук режим жүрүп жатканын жана өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөнүбүздү айтышты. Наманган облусундагы убактылуу кармоочу жайда төртөөбүздү төрт башка камерага киргизишти. Ур-тепкиге алып жаман сөздөрдү айтышкан жок, тамагын өз убагында берип жатышты”.
Ошондой эле ал: “2014-жылдан бери Үңкүр-Тоодогу станцияда иштейм. Буга чейин бир өзбек милиция кызматкери же чек арачыларынын басып келгенин көргөн эмесмин”, - деп кошумчалады.
Өзбекстан тарап кармап кеткен Урмат Бердалиев

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүшү мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.