Июль айында Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды
Чүй облусундагы Ала-Арча капчыгайында 18-июлда сууга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алай районунун 1981-жылы туулган А.Замирбек аттуу тургуну 18-июль күнү сууга агып кеткен. Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери натыйжа бербей келген болчу.
"ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп, бүгүн, 14-сентябрда саат 12:30да чөгүп кеткен адамдын сөөгүн суудан табышкан. Туугандары тарабынан анын өздүгү аныкталып, жансыз дене жакындарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.