super.kg logo

Өкмөттүн жыйынында интернеттин кымбатташы тууралуу маселе каралды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталы көтөргөн интернеттин кымбатташы тууралуу маселе боюнча жыйын өткөрдү.

"Интернет азыркы коомдун жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды, интернетке карата баанын жогорулатылышы коомчулукта терс пикирди пайда кылды. Бул интернет колдонуучулардын табигый реакциясы. Түзүлгөн кырдаалда, маселе саясатка айланып кеткенде чечкиндүү иш алып барып, биздин өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөрдү издөө керек. Биз күн сайын интернет колдонгон өзүбүздүн жарандардын кызыкчылыгын коргошубуз зарыл", - деди премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда казакстандык кесиптештер менен кыргыз интернет-провайдерлери үчүн интернетке карата тарифтин көтөрүлүшүнүн негиздүүлүгү тууралуу активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков маалымдагандай, Казакстандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, түзүлгөн абал иликтенүүдө. Анын айтымында, аталган маселени 2016-жылдын сентябрь айынын соңунда өтүүчү Евразиялык экономикалык комиссиянын жүрүшүндө көтөрүү пландаштырылууда.

"Учурда ата мекендик провайдерлер менен биргеликте казакстандык ташып келүүчүлөр менен кызматташуунун ченемдик базаларын иликтеп жатабыз. Жакынкы арада биз Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин Табигый монополия жана атаандаштыкты коргоону жөнгө салуу боюнча комитетине биздин интернет-провайдерлер үчүн интернетке тарифтердин жогорулатылышына тийиштүү эксперттик корутундуну сунуштайбыз", - деп маалымдады Казаков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков эки мекеменин жетекчилерине түзүлгөн кырдаалды тез арада чечүү үчүн альтернативдик жеткирүүчүлөр менен кызматташуу мүмкүндүгүн карап чыгып, өнөктөштөр менен сүйлөшүү процессин тездетүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
14.09.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
интернеттин баасын жогорулатса связды нормальный кылып берсин. Азыр элдер арзан интернетте деле жыргап жатышкан жок ылдамдыгы ото аз.
14.09.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй чоңдор, келгиле бюджеттен акча алып, орустарга ТВ жана Интернетке өзүбүзгө спутник курдурайлы. Баарибир жееп атасыңарго. Казактар "KazSat", Азерлер "AzerSpace" деген спутник куруп, жыргап атышат, интернет тыйын, ТВ деле тыйын. Эхх.
14.09.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен азыр айына 900сом толойм интернет 2.5-3эсе кымбаттайт деп атышат ошондо мен айына2700 толоп каламбы??Анда интернети жок эле жашай берем
14.09.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талкулай турган башка маселе калбай калгандай интернетти талкуулапсыңарда интернет жоголуп кетседа мейли андан көрө чек араны чечкиле
14.09.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мискенбай дагы чыга баштаптыр
Sharos3 түзөттү 2016-09-14 22:26:02
15.09.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мискенбайга кожобек рыспаев
деген кошулуптур
15.09.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uson13,Чек араны да, интернетти да чечишсин, башка толтура маселелер бар чечиле элек, ошолордун баарын чечишсин, болбосо андай кызматта эмне журушот элден чогулган налогдун эсебинен айлык алышып, эл козуно коруно турган бир иш жасап коюшса болот эле ушулар. Мындай кызматтарга алдын ала коро билген корогоч инсандардан койсо, эмне керек болгондо чуркайт дечу эле, ошондой болуп чуркап калышат да куйгузуп...
guard түзөттү 2016-09-15 01:55:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: