super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мектеп окуучуларынын жаңы формасы ата-эненин чөнтөгүн жакшы эле кагып койду"

 

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Мектеп формасын бирдей кылган сунуш" деген тема талкууга алынууда. Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Мектептерде бирдей форма кийгиле дегени менен, баары андай кылган жок окшойт. Кээ бир эле мектептер макул болгону менен, айрымдары кийбей эле коюшту".

"Биздин мектеп да бирдей форма кийүү чечимин кабыл албай койгон. Мектепте 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын баары көйнөк-фартук кийишет".

"Эгерде ошол жаңы формасы сапаттуу болсо, баары эле алышмак. Эптеген бир форма экен, аз эле убакыттан кийин тамтыгы калбайт".

"Аймактарды карасак, айылдарда кээ бир үй-бүлөдө 3-4 бала мектепте окуйт. Алардын ата-энеси ар бирине андай форманы алып бере албайт. Алып берген ата-эненин чөнтөгүн жакшы эле кагып койду. Биз кичинебизден ага-эжелерибизден калган мектеп кийимдерин эле кийип чоңойгонбуз".

"Менин оюмча, кыйын деген мектептер ал формадан баш тартышты. Анткени окуучуларга билимди берүүдө кандай кийим менен мектепке келгени чоң маанини деле бербейт. Эң башкысы - билим".

"Балам Бишкектеги мектептердин биринде окуйт. Биз да форманын баасы кымбат болгонунан 1-сентябрда ак көйнөк, кара шым менен барсак, форма кийүү талап экенин айтышты. Анан кайра базарга форма алганы жөнөдүк. Баасынын кымбаттыгын сурабагыла, 2300 сом. Сатуучулар "эркек балдардын формасы аз болуп жатканына байланыштуу кымбатыраак, кыздардыкын алсаңыз 1700 сом болот" деп бизди таң калтырды. Бааны көзөмөлдөгөн киши жок. Комплекттин баасын эсептей келгенде учурдагы базардын бааларына туура келбей жатат: кошумча боз шым ала турган болсоң 350 сом турат экен. Ошондо 2300-350=1950 сом (жилет менен пиджак). Ошол кичинекей балдардын пиджагы менен жилетине 1950 сом кетет. Тигүү цехинде конвейер менен тигилгенде баасы жалгыздан тиктиргенге караганда арзаныраак болот. Бир нерсе десең, "саймасы бар" дейт экен, кенедей сайманын баасы арзан эле болсо керек. Формада кеп жок, сапаты деле, көрүнүшү деле жакшы, бирок баасы көпчүлүгүбүздүн чөнтөгүбүзгө туура келбейт да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
15.09.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы болбогон нерсени табышып башты оорутуштуго. Элди мынча кыйнабай эле койбойбу булар. Эми бир жылдык окуусуна 2000 сом сурап жатыптыр 1 окуучуга. Андан сырткары 200 сом кароолчусуна . копилкасына 500 сом . Мектеп бизнесин аябай оздоштурду булар.
abusait түзөттү 2016-09-15 12:29:14
15.09.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мектептин фондуна деп банкка,1000 сом толотот,класстын копилкасы 500,кароолго 200,пол жууганга 300,аябай эле кыйын болду.
15.09.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Форма туптуура эле,ошол эле баага башка кийим алмакпыз.
15.09.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дагы жогоруда олтурган бироонун бизнеси.
15.09.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка кийим деле акчага келет олчойгон. Аларындын сапаты деле ьаасына жараша. Форма эле жакшы
15.09.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2300 сом экен форма юпка кофта анчалык кымбат эмес устуно пиджак алсан да анчалык кымбат болбойт,бирок тиги формадан качественный болот.
Бул да бир бизнесмендин сунушу менен парламенттин кабыл алганы деп билем!!!!!!!
15.09.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди жеп бутту го Бийлик
16.09.2016. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да эки форма сатып алдык 5000ге. Кийип барсак Эжекеси Кээде бир парталар красска болуп жатат дейт, демек качествосу жакшы эмес, андан сырткары 1000контрагы, 350охрана, дагы бир нерселерди айтып бир балага 1800сом деди, мейли берейли китеби жетпейт экен 350сомдон китеп сатып алып жатабыз. Бир класста 50окуучу, баламдын классында 54окуучу. Бир эле мугалим эрте менен кызымды туштон кийин баламды окутат. Билим Министр эмне кылып отурат экен а?
16.09.2016. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор бир эле формасын 5000ге алдык, ак койногу, туфлиси башка баада. Эми кошумча жепмир жылуурак кийим алышыбыз керек. Айлыгыбыз озу 6000болсо. Жашоо кыйындап эле баратат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: