Ошто 23 жаштагы кыз өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылып, мойнун кесип салды
Ошто өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенген 23 жаштагы кыз ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында Ош шаарындагы конуштардын биринин 1993-жылы туулган Г.Гүлбахар аттуу тургуну өз үйүндө белгисиз жагдайда, миздүү нерсе менен мойнун кесип салган. Окуя болгон жерге барган дарыгерлер жабырлануучуну облустук ооруканага жаткырышкан. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Акыры барат эле да эмнеге шашты экен дагы кудайга шугур Аман калыптыр...