super.kg logo

"Жаңы толкун" сынагында мен ырдаган "Чувства мои" чыгармасы боюнча Игорь Крутойдон сунуш түштү" дейт Нурсултан Азыкбаев

 

Бүгүн, 15-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында өткөн "Жаңы толкун" музыкалык сынагына катышып, төртүнчү орунду ээлеген Нурсултан Азыкбаев сынак тууралуу, андан алган тажрыйбалары жана келечектеги пландары тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

"Мени колдогон кыргыз элиме, бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Алыста жүрсөк да элдин колдоосун сезип жаттык. Тилекке каршы, жеңишке жете алган жокмун, бирок мыкты тажрыйба топтоп, дос-тааныштарды таптым. Сынак жогорку деңгээлде өттү. Катышуучулар менен достук мамиле түздүк, келечекте мыкты долбоорлордун үстүндө иштөөнү пландап жатабыз.

Сынакта Григорий Лепс менен ырдамак болчумун, бирок анын тыгыз иш графигине байланыштуу ырдабай калдым. Сынак учурунда орусиялык белгилүү продюсер, композиторлор келип, жылуу сөздөрүн айтып жатышты. Сынакка 12 өлкөдөн күчтүү ырчылар келишкен эле, андыктан калыстар үчүн тандоо чечимин кабыл алуу да кыйын болуп жатты, - дейт Нурсултан Азыкбаев.

Келечектеги пландары, сынак учурунда түшкөн сунуштар тууралуу буларга токтолду:

"Дебюттук альбомумду чыгарууну, эл аралык сынактарга катышууну пландап жатам. Ырчы Арсендин сынакта мен ырдаган "Чувства мои" ("Сезимим менин") чыгармасы боюнча Игорь Крутойдон "бизге бербейсиңерби, орусиялык радиостанциялардан жаңырсын" деген сунуш түштү. Азыр ушул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат".






Нурсултан Азыкбаев "Жаңы толкун" сынагы тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.09.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын чыгармачылык ийгилик буйруса 1-орундарды баагындырасын
15.09.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурсултан красавчик молочик экенсин сен ырдаганда залда отургандар тан калып ооздору ачылдыго не ужели кыргызы так поёт деп. Мен колдоп аттым за симпатию сен алышын керек эле биринчи местаны кыргызстандан смс жонотконго болбойт экен. Кыргыздын чыныгы жузун коргозуп келдин азаматсын ушунунан тайба иним.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: