Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кара куурайды мыйзамсыз өстүргөн жаран кармалды



Жалал-Абад облусунда кара куурайды мыйзамсыз өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү Сузак районунун Кызыл-Кыя айылынын 1974-жылы туулган И.М. аттуу тургуну кармалган. Ал ага тиешелүү жер тилкесине кара куурай өстүрүп жүргөн. Анын жалпы салмагы 185 килограмм 840 граммды түзгөн. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
мамлекеттик кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.