super.kg logo

Кадамжайда чек ара ачыла элегине байланыштуу малчылар жайлоодон келе албай жатышат

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда чек ара эки тараптуу жабылганына байланыштуу малчылар жайлоодон келе албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Кадамжай районунун акиминин орун басары Жаныбек Исаков билдирди.

"Жайлоого чыккан мал Өзбекстандын Шахимардан анклавы аркылуу өтүп келген. Учурда чек ара эки тараптуу жабык болгонуна байланыштуу малчылар жайлоодон келе албай жатат. Бүгүн 15ке жакын тургун чогулуп, райондук администрацияга маселени чечип берүү талабы менен келген. Биз бул маалыматты буга чейин эле өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдиргенбиз", -деди Исаков.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан тарап чек арасын 25-августта Эгемендүүлүк майрамына карата жапкан. Ал эми Кыргыз Республикасы тараптан чек ара Көчмөндөр оюндарына байланыштуу жабылган. Учурда чек ара эки тараптуу жабык.

"Малды жайлоодон алып келүүгө кошумча жол бар, бирок ал жол менен бодо малды айдап келүү кыйынчылыкты жаратат. Буга кошумча өзбек аскерлери анклав аркылуу өткөн суунун агымын азайтып, таш менен жабышкан. Андан кийин бул маселе чечилген. Учурда суу толук кандуу агып жатат. Ал эми чек ара маселесин чечүү биздин жумушубуз эмес", - деп кошумчалады Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
15.09.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаныбек чек ара маселесин чечуу сенин ишин болбосо, эмне олтурасын зам аким болуп, креслого жармашпай кет анда зам акимдиктен. Ушундай маселени окмотко силер жеткизип талаптарды койбосонор ким койот карапайым элби, элди кабыл алабы ак уйдогулор?
Belek2070 түзөттү 2016-09-15 16:58:05
15.09.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаймардандын да Өзбекистан менен байланыш жолун жаап койсо болмок. Элдин өкүлү болгондон кийин кантип чекарага байланышкан маселелерге, аким орун басары көңүл кош мамиле кылыш керек. Силер чечпесеңер, депутат, министр чечпесе анда ким чечип берет. Өзбек тарап чекараны жаап, каалаган мезгилде ачат, а биздикилер андай кыла албайт. Бир нерсеге зээниң кейийт. Биздин чекара кызматы өзбек, тажик жарандарын чекарадан кармап алса, акчасын алып кое берет, а биздин жарандар аларга түшпөйт, алар кирип карм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: