Алмазбек Атамбаевдин Текебаев айткан Кой-Таштагы хан сарайы (фото)




Бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында үй куруп жатканын билдирген. Анын айтымында, аянты 27,15 гектарга барабар жер тилкени президентке Бишкек мэри Албек Ибраимов берген. "Жер "Дастан" ачык акционердик коомуна таандык болуп, кийин 2008-жылы Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер болуп турганда Анарбек Укуев дегенге катталган. 2010-жылдан кийин башка тараптарга катталып, 2015-жылы 7-майда мэр Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимованын атына катталган. Андан кийин 12-майда Алмазбек Атамбаевдин наамына өткөрүлүп берилген", - деген Текебаев.
Андан көп убакыт өтпөй эле КСДПнын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев жер тилкени Ибраимовдун үй-бүлөсүнөн мыйзамдуу түрдө сатып алганын айтып чыккан. Өмүркуловдун айтымында, жердин аянты 27,15 гектар эмес, 2,5 гектар. "Белекке алган деп түздөн-түз каралап жатат. Атамбаев акчага сатып алган", - деп жооп берген КСДПнын лидери.
Мындан улам коомчулукта "Президент өзүнө кандай үй куруп жатат?" деген суроо жаралды. "Азаттык" маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, Кой-Таш айылы бүткөн жолдун жээгиндеги бийик дубалдуу ак имарат - президенттики делген үй. Аны аскер формачан күзөтчүлөр кайтарып жатышканы белгилүү болду. Жергиликтүү тургундар журналисттерге курулуш жүрүп жатканына үч ай болуп калганын айтып, ушул сентябрда аяктай турганы күтүлүп жатканын билдиришти. "Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү Алмазбек Атамбаевдин там салып жатканы боюнча кепти тастыктаган да, четке каккан да жок", - деп айтылат маалыматта.




сала алат эмнеси бар экен. Болдугула эми. Андан коро куттуктап койгула
Абайлап сак журбосо. Текебаевди колдошубуз керек окшойт шайлоодо
Союзга кирдик деп кайсы аарына жыргап атасын
Бул там ерундаго. Башкалары кеткенде чыгат
Коррупциянын жытын сезбединерби???
Президент номер 1 коррупционер болсо "жыргап" жургонубуз ошондон экен да...
Мен бийликтегилерди актаган жокмун, озубуз да кемчиликтер толуп жатпайбы.
Жердештерим жашайлычы тынчтыкта
Бир туугандар кайрыламын силерге
Онугуунун жалгыз жолу тынчтыкда
Аа кыргызстанга эле салыптырбы