super.kg logo

Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштардын жерлерин ижарага бербөө сунушталууда

 

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жер пайдалануу жаатындагы КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. Демилгечилердин бири депутат Максат Сабировдун айтымында, мыйзам долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Долбоордо КРнын Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин бир катар беренелерине, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.

Анда мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштардын жерлери субижарага берилбестиги, ошондой эле калктуу конуштардын жерлери категориясындагы аймактарда жерлердин башка тиешелүү категориялары болбостугу боюнча ченем каралган. Ошону менен катар соода жана өнөр жай объекттерине берүүгө жана үйдүн тегерегиндеги участок жагынан кандайдыр бир коммерциялык аракеттерди жасоого тыюу салынары белгиленген.

Көрсөтүлгөн ченемдерди сактоо максатында жасалган укук бузуунун мүнөзүн эске алуу менен жарандарга, юридикалык жактарга жана кызмат адамдарына карата администрациялык жоопкерчилик киргизилген.

Талкууда бир катар депутаттар турак үйлөрдүн 1-кабаттарынын конструкциясын өзгөртүүгө жол берилип кетпешин эскертишти. Ошону менен катар турак үйлөрдүн ортосундагы жерлерди 49 жылга эмес, 1 жылга гана ижарага берилери такталды.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: