"Манас" аэропортуна 2 миллион долларлык цех Албек Ибраимовдун учурунда 15 миллион долларга сатылып алынгандыгы айтылды



Бүгүн, 15-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өткөргөн маалымат жыйынында Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимовго байланыштуу бир нече фактыларды атап өттү. Маалыматта айтылгандай, Албек Ибраимов "Манас" Эл аралык аэропортунда иштеп турганда 2 миллион долларга бааланган "Манас Менеджмент Компани" биргелешкен ишканасын мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 миллион долларга сатып алган.
"Келгиле, Албек Ибраимов Эл аралык “Манас” аэропортунда иштеп турган учурдагы бир фактыга көңүлүңөрдү бурайын. Аэропортто "Манас Менеджмент Компани" деген биргелешкен ишкана бар. Анын 80 пайызы чет элдики, 20 пайызы аэропорттуку. Бул 1995-жылдары Акаевдин учурунда түзүлгөн. Бул да коррупциялык систем болгон. Ишкана учак бортундагы жүргүнчүлөргө тамак даярдоо цехин иштетет. Бул 20 жыл мурун курулган. Бүгүн болсо ал жакка заманбап, компьютерлештирилген цехти 2 миллион долларга алып келип койгон. Бирок аны Албек Ибраимов мамлекеттик бюджеттен 15 миллион долларга сатып алат. 2-3 миллиондук жаңы цехтин 80 пайызын 15 миллион долларга сатып алып жатат. Эми бул технология айылдагы эң сабатсыз кыргызга да белгилүү. Арзан нерсени кымбат баага сатып алгандан кийин, ким кайсы жерден ал акчаны бөлүштүрүп алат, канчасын алат – бул баарыбызга белгилүү. Ошондуктан мен Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мэлис Мамбетжановго депутаттык иликтөөнүн рамкасында суроо-талап жөнөтүп жатам.
- Бул цехти мамлекетке сатып алуу боюнча качан, ким чечим чыгарган?
- Өкмөт билет беле?
- Мамлекеттик мүлк фонду билет беле?
15 миллион деген акча көп акча. Мамлекетке акча жетпей, дивиденд таппай турганда аны өкмөт, фонддун жетекчиси, керек болсо президент билиши керек. Бул маалыматтар азыр расмий эмес маалыматтар. Биз фонддон жооп алганда гана расмий болот. Эми булар бул маалыматты жашырганга аракет кылышат, чиновниктер жооп бербей качышат", - деди Текебаев.
Бишкек мэри "Манастагы" цехти кымбат сатып алыптыр


