super.kg logo

Алай районунда табигый кырсыктар учурунда сактануунун жолдору үйрөтүлдү

 

Алай районунда табигый кырсыктар учурунда сактануунун жолдору үйрөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар катталган учурларда өздөрүн туура алып жүрүү эрежелери жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жолдору боюнча маалыматтар берилди. Иш-чара Гүлчө, Корул айыл аймактарында өткөрүлгөн.

"Кооптуу аймактарда жашаган калкка табигый, техногендик өзгөчө кырдаалдар боюнча маалыматтарды түшүндүрүү, сактануу, алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Элеттиктерди окутууга аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери да катышты. Кылмыштардын жана терроризмдин алдын алуу жолдору боюнча лекция түрүндө маалыматтар берилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: