Өлкөдө суу менен жабдуу жана санитария тармагын өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгат
"Кыргызстанда суу менен жабдуу жана санитария тармагын өнүктүрүү стратегиясы апрель айынын аягына чейин иштелип чыгат". Бул маалыматты өкмөттүн алдындагы Бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү агенттиги 15-апрелде билдирди. Акыркы жылдары суу менен жабдуу тармагында максаттуу багытталган мамлекеттик саясаттын зарылчылыгы жөнүндө маселелер донорлор тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдөгү 2 миң айылдын жарымынан көбү таза сууга жетпей, жергиликтүү тургундар сууну ачык көлмөлөрдөн, арыктардан алып пайдаланышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

