Орусияда чек ара жоболору өзгөрсө, кыргыздар аталган өлкөгө сыртка чыгуучу паспорт менен гана кирип калышы мүмкүн
"Быйыл Орусия КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн чек арадан өтүүнүн жаңы эрежесин киргизүүсү мүмкүн". Мындай билдирүүнү 14-апрелде Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин жергиликтүү маалымат булактарына айтты. Ал белгилегендей, жаңы эреже киргизилсе КМШнын жарандары, анын ичинде кыргыздар да Орусияга сыртка чыгуучу паспорт менен гана кирип калышат. Айта кетсек, учурда Кыргызстандын жарандары Орусияга ички паспорт (ID-карта) менен кире алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

