Бишкекте шаар тургунунан пара талап кылган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду
Бишкекте шаар тургунунан 100 доллар пара талап кылган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ички иштер министрлигинин маалыматында: "6-сентябрь күнү 1984-жылы туулган Н.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 100 доллар пара талап кылып жатканын билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде пара талап кылган жаран Ленин РИИБинин кызматкери, кенже лейтенант К.М.Н. экени аныкталган. Учурда прокуратура кызматкерлери тергөө амалдарын жүргүзүп жатышат", - деп айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Mongol1155

16.09.2016. 09:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100$ менен кармалды.Бул Сенсация!
satarovkubacom

16.09.2016. 17:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелычтарга терго иштери жургузулот, 1000000$ кармалгандар смело журобузго) бирок бул лейтенантты да кичине тумшуктан тартып койуш кк.....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.