super.kg logo

Кара-Суу. Мамажан айылында мүрзөдөгү маркумдардын сөөктөрүн жеп жаткан чөөлөрдү жок кылуу аракеттери көрүлүүдө

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мамажан айылында мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөктөрүн жеп жаткан чөөлөрдү жок кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллебаев билдирди.

"Чөөлөрдүн пайда болгонуна бир жума болду. Туура, чөөлөр көбөйүп кетти. Бул боюнча Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо кызматына кайрылганбыз. Азыркы убакта атайын мергенчилер тобу түзүлүп, түнкүсүн чөөлөрдү аңдуу иштери жүрүп жатат. Чөөлөр күндүз мүрзөгө жолобойт экен. Түнкүсүн тузак салып, атып алууда кыйынчылык жаралууда", - деп билдирди Тиллебаев.

Буга чейин Мамажан айылында чөөлөр мүрзөлөрдү казып, маркумдардын сөөктөрүн жеп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Топтошуп жүргөн чөөлөрдөн таң эрте окуучулар мектепке баруудан кооптонуп жатканы айтылган.

Окуучулар мектепке барууда кооптонуу жаралып жаткандыгы тууралуу маалыматты Жоош айыл аймагынын башчысы четке какты.

"Мамажан айылында 500 кожолук эл жашайт. Эл көп болгондуктан, чөөлөр айылга жолой албайт. Алар күндүз жүрбөйт. Ал эми мүрзө айылдын четинде. Окуучулардын кооптонуп жатканы жөнүндө айтылган маалымат жөндүү эмес, анткени мектеп айылдын ичинде, мүрзө айылдын четинде. Окуучулар мектепке мүрзөнүн жаны менен барышпайт", - деп кошумчалады Тиллебаев.

Ал эми Кара-Суу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Арстанбек Сулайманов: “Биздин адистер Мамажан айылына барып келишти. Эч кандай мал жандыктарына тийген эмес.Чөөлөр оору таркатуучу жаныбар болгондуктан, белгиленген тартипте мал жандыктарын дарылап турабыз. Кооптоно турган коркунуч жок”, - деп билдирди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.09.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамажанда беш жүздөн да көп эл жашаса керек, мектеби чындап эле айылдын ортосунда, бирок ошол четинде мүрзө жакта жашагандар кооптонсо керекта, тезирээк атып жок кылбаса алар кечинде жалгыз жүргөн адамга деле атака кылышы толук мүмкүн
omka100514 түзөттү 2016-09-16 16:01:41
16.09.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
omka100514, Кожолук деген адамдын саны эмес. Үй-бүлөнүн(түтүн) саны.
16.09.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omka100514.mamahandasynby?
17.09.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mamajanga uchilwadan okuuchular barat sai aralap owol korkunuchtuu aiyl okmot aita beriptir koopsuz dep
17.09.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртереек жок кылбаса мүрзөгө жакын жашагандарга өтө коркунучтуу түндөсү жалгыз жүргөн болбойт эртереек чара көргүлө.
17.09.2016. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чообору эн жаман жаныбар этият болгула
17.09.2016. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылым го
17.09.2016. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90чу жылкы досторум атып жок кылгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: