super.kg logo

Оштун Амир-Темир аймактык кеңеши түнкү жарыктар менен камсыз болду

 

Ош шаарынын Амир-Темир аймактык кеңешинде көчөлөр жарыктандырылды. 2017-жылы шаарда жайгашкан 640 көп кабаттуу үйдүн айланасына да түнкү жарыктар орнотулмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда шаардык мэриядан билдиришти.

“2015-жылы шаарда 12,5 чакырым жол түнкү жарык менен камсыз болсо, учурда бир аймактык кеңеште эле 12 чакырымдан ашуун жолго түнкү жарыктар орнотулду. Быйыл 175 чакырым жол түнкү жарык менен камсыз болот. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 50 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, тендер аркылуу 42 миллион сомго 3021 даана 100w жана 120w болгон светодиоддуу чырактар алынып келинген. Светодиоддуу чырактар шаардын борбордук көчөлөрүнө орнотулуп, борбордук көчөлөрдөн чыккан эски чырактар шаардын аймагындагы мурда жарыктандырылбаган көчөлөргө коюлууда. Мунун негизинде Амир-Темир шаарчасына жалпысынан 154 даана чырак, Куцемелова, Жумабаев жана Садриддин Айни көчөлөрүнө орнотулуп, 12 520 метр жол жарыктандырылды”, - деп билдирет шаардык мэрия.

Ал эми “Шаарсвет” Ош электр тармактары ишканасынын өндүрүштүк техникалык бөлүмүнүн башчысы Сиражидин Төрөев өз сөзүндө жаңы лампалар эски үлгүдөгү чырактарга караганда 3,5 эсе электр энергиясын үнөмдөөрүн кошумчалады.

Иш-чарага шаар мэри, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.09.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айылдын аттарын кыргызча кылгыла көчөлөрдүн аттарын ошко барсам өзбекстанга барганндай боло берем сүрөттөн еле көрүнүп турат
19.09.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzyrek89, улуттар аралык түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: