super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Интернеттин эле кымбаттаганы калды эле"

 

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Ой, тобоо, эми интернетти эле кымбаттатканы жетишпей жатты эле" деген тема талкууга алынууда.

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Кыргызтелеком" Орусия жана Кытай менен сүйлөшүп интернетти эми алардан алабыз деп жатыптыр. Бул турган казактардан алган интернетибизге ушунча төлөсөк, тетиги алыскы мамлекеттерден алсак кандай болот? "Интернет кымбаттайт" деген имиштер чынга айланганы жатат окшойт".

"Орусиядан алсын, анткени Казакстандыкына караганда ылдамдык жакшы болот. Сариев былтыр өз сөзүндө быйыл Кыргызстандын бардык аймагында wi-fi жеткиликтүү болот деп айтты эле. Айылдарды айтпай эле коёлу, шаарларды гана камсыздады окшойт, бирок ал да жакшы эмес. Европаны айтпайын, Орусиядай сапаттуу кылып алсак сонун болмок".

"Кытайдан алсак арзаныраак болсо керек. Казактар өздөрү орустардан алат, ошонун себебинен да ортодон баасы көтөрүлүп кетип жатат. Кытайдан алсак ортомчулар жок арзан алмакпыз".

"Эми ушул эле калды эле кымбаттабаган. Техника өнүккөн заманда кайра арзандаса, алдыга жылуу, оперативдүү жаңылык, маалыматтар менен бөлүшүү дегендер жеңил болмок. Мисалы, жаңы соода борборлору ачылып, аларга wi-fi коюлуп, автобус, троллейбус, маршруттук таксилерге коюлса, жолдо баратып жумуштарды бүтүрүп алат элек. Эң башкысы, жашаган аймакта бир нерсе болсо анын алдын алууга да жардамы тиет беле дейм. Анын ордуна минтип артка кетип жатканыбыз өкүндүрөт".

"Бакиев кетерде телефон байланышы кымбаттады эле, эми интернет кымбаттап жатат, бир нерсе болчудай болуп калды окшойт. Ансыз да каатчылык, жетишсиздик, маселе толтура жашоодо, жумуштан чарчап келип өзүбүздү интернет менен алаксытып келдик эле, эми бул аба дагы кысылат экен да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.09.2016. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге жакшы экен россияда жургондор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: