Араванда кызганычтан улам аялынын таанышын бычактап качып кеткен жаран кармалды
Араван районунда кызганычтан улам аялынын таанышын бычактап качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 11-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында болгон. Анда Араван районунун тургуну 1987-жылы туулган И.А. кызганычтан улам аялынын Мухаммед аттуу таанышын бычактап качып кеткен. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Кызганычтан улам деп турат...кызганыч менен кармап алуунун айырмасы өтө чоң го. Анан да кармап алган шартта да закондуу чечишип алсын ЭРКЕК болсо. Кызык, чон муштумун көтөрүп койсо эле БААТЫР ЭРКЕК дей салгандардын тушунугунө таң калам да!