super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Нарын районунда мектеп авариялык абалга келип калган

 

Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектеп авариялык абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу билдирди.

Маалым болгондой, мектептин тескей тарабынын пайдубалы кыйшайып, 30-40 сантиметрге жылышып кеткенине байланыштуу коопсуздуктун алдын алуу максатында темир арматуралар менен тартуу иштери мугалимдер тарабынан жүргүзүлгөн. Учурда полдору чирип, пайдубалы чөгүп кеткен. "Ушундай абалда калганыбыздан 2014-жылы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын райондук архитектура жаңа шаар куруу башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн адистери тарабынан комиссия түзүлүп, жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп, имаратты капиталдык оңдоого мүмкүн эместиги боюнча корутунду чыгарышкан. Ушул күнгө чейин 2017-жылдын "капиталдык салымдар" беренесине мектептин курулушун киргизип бериңиздер деп барбаган жерибиз калбады. Качан гана мектеп окуучуларыбызды басып калганда, кырсык болгондо жардамга колун сунушабы?" - дейт окурман.

Абалы начар мектеп болсо да, мугалимдер өз күчтөрү менен класстык бөлмөлөрдү заманбап класстык бөлмө сыяктуу кылып жасалгалап алышкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
17.09.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гектарлап жер алып, хан сарай салган чоңдорубуз, окуучулардын ушундай мектепте окуганына силерге н....т.
17.09.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бири бири менен урушуп жатканда чынында мектепке көңүлү жок. Шайлоодо гана курдуруп алыш керек. Болбосо эл шайлабай коюшубуз керек эч кимди.
17.09.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билим беруу министирлиги президентин суроту бар окуу китептерин чыгаруу учун акча сарптабай.Андан коро мынага окшогон авариялык мектептерге акча сартабайсынарбы.Анан ошол мектепте азгана маянага иштеген мугалимдерге чон рахмат озунордун кучунор менен ремонт кылып жатыпсынар Алла ыразы болсун.
KGstan1981 түзөттү 2016-09-17 11:00:49
17.09.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мектеп кургула чондор!!
17.09.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мектептен акча аяса, түрмөлөрдү курууга мажбур болушат .
17.09.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle_S,Туура айтасын. Балдарга кичинесинен тарбия бериш керек да.Азыр чондор оз кызыкчылыгын гана ойлошот.
17.09.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нарындын мектеби эле эмес Нарын обулусу авариялык абалга келип калды бир Нарын жакты деле карап койсонор жакшы болмок байкуш Нарыным союз убагы боюнча турат баардык областка бирдей каралса жакшы болмок
18.09.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elaman_Nurkanov,Койчу ай Нарын Кудайга шугур жакшынакай эле турат мурункуга караганда сонун эле жашап атабыз
18.09.2016. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашообузга кулуп карасак ал бизге жылмаят!
18.09.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пейилди ондогула,директор бкхгалтерлер акча жегенинерди токтоткула!Бала бакчада иштегендер ооло жешет экен акчаны
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: