super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Жаңжалдуу окуяга катышкан Свердлов РИИБинин жана УКМКнын кызматкерлери катуу жаза алышы керек"

 

13-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күч органдарынын башчыларынын катышуусу менен 12-апрелде болгон Свердлов РИИБинин жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлеринин ортосундагы чатакташуу фактысы боюнча ыкчам жумушчу жыйын өткөрдү. Анда премьер-министр бул окуяга катышкандар сөзсүз жоопко тартылышы керектигин эскертти. “Кызматкерлериңер эмне деген мыйзам бузууларды жасады? Мындай көрүнүштү формачан адамдар биринчи жолу жасап жаткан жок. Мыйзамды сактап, жөнөкөй жарандардын укуктарын коргоонун ордуна өз ара чатакташып жатышат”,- деди өкмөт башчы. Жантөрө Сатыбалдиев ИИМге бул окуя боюнча кыска мөөнөттүн ичинде иликтөө жүргүзүүнү жана ал аяктаганча Свердлов ИИБинин башчысын ээлеген кызматынан четтетүү тапшырмасын берди. “Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазага тартылышы зарыл. Бул окуя тууралуу иликтөөнүн натыйжасын жеке өзүңүз мага маалымдаңыз. Погончон адамдардын мыйзам бузууларына мыйзамдагы эң катуу чаралар колдонушу керек. Бул  ишти мен жеке көзөмөлүмө алам жана Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан көзөмөлдө болот”,- деп белгиледи премьер-министр. Айта кетсек, 12-апрелде Бишкекте аталган 2 мекеменин кызматкерлери арасында жаңжал чыгып, октон жана токмоктон жаракат алгандар болгон. 






УКБК менен милиция кызматкерлеринин урушу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: