super.kg logo

Алгачкы жолу "Манас" эпосу комикс жанрында орус тилинде басылып чыкты

 

Алгачкы жолу "Манас" эпосу комикс жанрында жарык көрдү. Улуу манасчылар Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдин варианттарынын негизинде Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев эпостун кыска вариантын жазып чыккан. Ал эми сүрөттөрүн Замир Илипов тарткан. Долбоордун демилгечиси -"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду. Бул тууралуу аталган долбоордун китептерди басып чыгаруу боюнча координатору Кенжекан Усупова билдирди.

"Манас" эпосу 380 сүрөттүү, 23 бөлүмдөн турат. Комикс десе эле күлкүлүү деп ойлобош керек. Басып чыгаруунун максаты - азыркы жаштарга Манастын жаш чагын жакшынакай кылып, сүрөттөр аркылуу жеткирүү. Ар бир сүрөткө кыскача жазылган 5-10 сүйлөмдөн жазылган текст бар. Орус тилдүү окурмандарды кеңири тааныштыруу максатында китеп орус тилинде жарык көрдү. Жакын арада башка дүйнөлүк тилдерде да чыгаруу каралып жатат", - дейт К.Усупова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.09.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
азыркы учурда кылып тартышпайбы,типа супермен,бэтмен жана башкалардай кылып... Эгерде ошонтсе болсо.
16.09.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акмактык... Кыргыз элимдин кылымдардан бери келген коонорбос мурасын аяк асты кылып кордоо... Илгертен Манасты тушунгонго айт, сууну суусаганга бер дешчу. Бул жагы кыргызымдын уккулуктуу эл кадырлаган ырларын азыркы "ырчылар" бузуп, маанисин кетирип ырдап чыккандай эле болуп калыптыр... Кыргыз эли бир убактар Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасын кандай кызыгып окуган болсо, Манасты окууга шыктанган оруспу же башкасыбы эбин таап окуп алат...
16.09.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Башкасын коюп бугунку озубуздун жаш муун Манасты кыйратып окуп жаткан жери жок. Алыс кетпей эле Манастын Саякбай Каралаев же Сагымбай Орозбаковдун варианттарын, томдуктарын толук окуп маанисине тушунгондор ушул форумчулар арасында 10-15% аран табылса керек... Ал эми калганы байыртадан келген тарыхыбыз, дилибиз, тилибиз, руханий байлыгыбыз МАНАСты каяктагы бэтмен, супермендерге тенеп журот... Уят кыргызым уят!!! Азыркы жаштар манкуртташып кайда барат экенсинер!!!...
frunze777 түзөттү 2016-09-16 19:42:36
16.09.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
frunze777,современныйлаштырып дегеним, мисалы голивудтун супергеройлору каракчылар менен коррупциянерлер менен курошотко ошол сыяктуу кылып деген ойдо...жарылба анча жаза элек эчким, чыга элек. Манас болбосо да башка каарман деп атам! эмнеге Манасты минтип которду дейсин, балдар окусун билсин деппи? акча жасаш учун, бала чаканы багыш учун, атын колдонуп.
Akmatbaev түзөттү 2016-09-16 20:33:10
16.09.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне болсонорда тынч болгулада Кыргыз элим!!!
16.09.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Tolkunake,ошода уруш эле каалап турушат экен, кыйын болсо чыгарып алышсын ушунтип... Айрыкча чондорду жамандаса баары лайк басып:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: