Сокулукта жол кырсыгынан 2 адам каза тапты
Сокулук районунун Манас айылында 17-сентябрга караган түнү саат 02:50 чамасында Ниссан-Скайлайн үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру В 98-97АR) унаа жолдон чыгып, натыйжада даракты сүзгөн. Жол кырсыгынан 2 адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, унаага кыпчылып калган айдоочунун жансыз денесин чыгарып, медициналык "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
-1

Кудай сактасын