ЖЫЛНААМА, 18-СЕНТЯБРЬ: Допингге байланыштуу бүт байгелеринен кол жууган веложарышчы Лэнс Армстронг 45 жашка толду

"Босс" деген лакап аттуу америкалык веложарышчы Лэнс Армстронг 45 жашка толду. Ал 1971-жылы АКШнын Техас штатында төрөлгөн. Веложарыштагы профессионалдык карьерасын 1993-жылы баштап, 1996-жылы канында рактын клеткалары табылганы үчүн чоң спорттон четтеген. Рактан дарыланып, 1998-жылы спортко кайтып келген.
1999-жылдан тарта беделдүү делген "Тур де Франс" (Франциянын чемпиондугу) мелдешин 7 ирет катары менен жеңген. "Сидней-2000" Олимпиадасында да коло медаль тагынган. 2005-жылы спорт менен коштошуп, бирок 2009-жылы кайрадан спортко кайтып келет. 2-ирет чоң спортко кайтуусу аны чоң каргашага туш кыларын эч бир спорт сүйүүчүсү анда болжолдобосо керек. Негизи, өзү да мурун рак илдети менен ооруган спортчу акыркы кездерде бул дарттан жабыр тарткандарга жардам берүү менен алектенип келген.
2011-жылы февраль айында Эл аралык допингге каршы күрөшүү агенттиги спортчудан күмөн санап баштаган. Допингге байланышкан күмөн алгач 2005-жылдарда жаралганы менен, буга тийиштүү далил жок болгон. Акыры аталган агенттик бул ишти далилдеп, атүгүл күбө катары спортчунун командалаштары туруп беришкен. Агенттик билдиргендей, спортчу допингди 1995-жылдан тарта колдонуп келген. Жыйынтыгында спортчунун 1998-жылдан берки бардык жетишкендиктери (анын ичинде "Тур де Франстын" 7 чемпиондук наамы, Олимпиаданын коло медалы да бар) жокко чыгарылган.
18-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(4)
zaika.tvo9.1990

18.09.2016. 12:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш(((.
mtv_kg

18.09.2016. 13:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
киносун корсонор сонун кино
Uson13

18.09.2016. 19:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mtv_kg,киносу кандай аталат
tolik1995

19.09.2016. 08:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mtv_kg, оа кинонун атын жазып коесуздарбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.