super.kg logo
  Саясат  

Венесуэланын президенттигине талапкер Энрике Каприлес шайлоонун жыйынтыгына макул эмес

 
Белгилүү болгондой, 14-апрелде Венесуэлада кезексиз президенттик шайлоо өттү. Ага оппозиция тараптан талапкер болуп чыккан Энрике Каприлес шайлоодо утулганын моюнга албай турганын бүгүн, 15-апрелде айтып чыкты. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, шайлоодо анын атаандашы Николас Мадуро шайлоочулардын 51 пайыз добушун алып, ал эми Каприлес шайлоочулардын 49 пайыз добушуна ээ болуу менен утулуп калды. Бирок оппозиция тарап шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептейт. "Бүгүн эң башкы жеңилүүчү сенсиң. Эл сени сүйбөйт",- деди Каприлес атаандашынын дарегине. Айта кетсек, кезексиз президенттик шайлоо Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавестин март айында дүйнөдөн мезгилсиз  кайткандыгына байланыштуу өттү.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: