Нью-Йорктогу жардыруунун кесепетинен жаракат алгандардын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн жарандары жок

Нью-Йорк шаарынын Челси аймагында 17-сентябрь күнү кечинде болгон жардыруунун кесепетинен жаракат алгандардын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, аталган жардыруудан улам 29 адам түрдүү татаалдыктагы жаракаттарды алышкан. Жабыркагандардын көбү ооруканага жеткирилген. Алардын биринин оор абалда экени маалым болгон. Нью-Йорктун башкармалыгы бул атайын жасалган акт экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.