super.kg logo

Турмуш сыноосуна моюн сунуп, денесин сатуу менен 3 баласын багып жаткан Наргизанын тагдыры

 

Турмуш - бул күрөш. Түрдүү түйшүктөргө чыдап, аларды жеңип чыгуу - бул күрөштүн бир түрү. Турмуштун оор сыноосун жеңип, алга карай кадам шилтеп кеткен адам - бул эрки күчтүү, аракетчил адам. Ал эми айрым адамдардын арасында тагдырдын татаалдыгына туруштук бере албай жеңил жашоо образын тандагандар бар. Кимдир бирөө спирт ичимдигин ичип, селсаякка айланып баратса, дагы бирөө денесин сатып, сойкулукка баш-оту менен кирип кеткен...

Денесин сатып, 3 уулун баккан Наргиза Эшкулованын (аты-жөнү өзгөртүлдү) бул жолго түшүүгө түрткү болгон тагдыры менен таанышып, маек курдук.

Наргиза Эшкулова Талас облусунун тургуну. Ал азыр 25 жашта. 17 жашында турмушка чыгып, 3 уулдуу болгон. Жолдошу менен ажырашып, ата-энеси каза болуп, жашоодо таянары жок, жакындарынан ажырап жалгыз калган.

"Жолдошум 17 жашымда ала качып кеткен. Башында жакшы жашап жүрдүк. 3 уулдуу болдук. Кийинчерээк жолдошум "сен иштебейсиң, даяр тамак жеп отурасың" деп ар кандай шылтоо менен уруп-сого баштады. Мен ал учурда балдарды карап үйдө отургам да. Жолдошума кошулуп кайненем да ар кандай шылтоо менен кагып-силкип, жасаган жумушумду жактырбай уруша берчү болду", - дейт Эшкулова.

СОЙКУЛУККА ТҮРТКҮ БОЛГОН АЖЫРАШУУ

Каармыныбыздын айтымында, анын жолдошу жаш кызды боюнда кылып коюп, эл арасында баш көтөрүп жүрө албай калган. Аялы менен жашап жүрүп, мындай кадамга барганына ичи ачышкан Наргиза кайын журтунун көргөзгөн кордугуна чыдай албай төркүнүнө баса берген.

"Көп өтпөй Бишкекке келдим. Бишкекте иштебеген жумушум калбады. Аз маяна алып иштеп жүрүп, тапкан акчам турмуштук керектөөлөрүмө жетпей кыйналып кеттим. 3 баланы кароо менин моюнума түштү. Атасы карабай кеткен. Алимент төлөтүп алайын десем нике кагазыбыз жок. Балдарды тоюндуруп, ичиндирүү оорчулукка турду. Ошол учурда курбу кызым ушул ишти (сойкулукту) сунуштап калды. Башында иштебейм деп жүрдүм, бирок кыйынчылык мени кыйнап жиберди. Акыры курбум менен ал иштеген жерге барууга туура келди", - деп кошумчалады Наргиза.

Ошентип, сойкулук кылып акча табууга аралашкан Наргиза бат эле оңой акча табууга көнүп кеткен. Ал өң-келбеттүү, сулуу болгондуктан, аны курбусу Бишкектеги "элита" деп аталган сойкулардын катарына кошкон.

АРУУ ТИЛЕК, ИШКЕ АШПАГАН МАКСАТТАР

"Сойкуларга аралашып жүрүп алардын катарында мугалимдик кесипти аркалап, медицина жаатында иштеп келген кыздарды көрдүм. Булардын баары алган маянанын аздыгынан улам ушул ишке барды деп ойлойм. Жалпы эл ойлогондой баары жаман эмес. Адамгерчиликти бийик койгон, аруу тилекте жашап жүргөндөр бар. Менин дагы бир кезде акушер-гинеколог болом деген максатым бар эле. Ата-энем каза болуп, тилектеримдин баары талкаланды. Жалгыз кыз болуп талаада калдым. Акыры апамдын эжесинин үйүндө сагалап калдым", - деп жашып алды каарманыбыз.

Наргиза сойкулук менен алектенип жүрүп "сойку" деген сөзгө көнүп калганын айтат. Бул чөйрөдө аралашып жүрүп түрдүү кызыктарды көргөнүн кошумчалады. Анын айтымында, Бишкекте 17-18 жаштагы кыздар да сойкулук менен алектенишет. Ал эми 10-11-класстын окуучу балдары келсе аларды кабыл албастыгын айтты.

ТҮНКҮ КӨПӨЛӨКТҮН ЖОРУГУ, АРАМ ТАМАК МЕНЕН БАГЫЛГАН НАРИСТЕЛЕР

"Биз күнү-түнү үйдөн чыкпай иштейбиз. Бизди "элитный сойкулар" деп аташат. Ошол сөзгө татыктуу болуш үчүн жуунуп-таранып, жасанып гана отурабыз. Жадакалса тамак жасап жебейбиз. Атайын кызматтардан пайдаланып, кафе, ресторандарга буйрутма беребиз. Түрдүү тамактарды алып келип беришет. Биз түнү менен кардарларды кабыл алып, күндүз уктайбыз. Ошондон улам бизди "түнкү көпөлөк" деп айтышса керек", - дейт Эшкулова.

Жетишпеген жашоодон улам денесин саткан кыздар көбөйүп жатат. Мунун баарына каарманыбыз өлкө башында турган чиновниктер күнөөлүү экенин айтууда. "Эгерде чиновниктер татыктуу жашоону түзүп берсе, миңдеген кыздар сойкулукка барбайт эле" деген оюн айтты.

"Бизди сойкулар, жаман кыздар деген менен, биздин кызматтан пайдаланган далай галстук тагынган кызматтагы адамдарды көрдүм. Алардын катарында өлкөгө белгилүү шоу дүйнөсүндөгү мырзаларды кабыл алып, кыйынмын деген телеалпаруучу жигиттерди да көрдүм", - дейт Наргиза.

"Опурталдуу жумушта иштеп, тааныштарым көрүп калбаса экен деп чочулайм. Жаман жолдо жүргөнүм балдарыма жетип калбаса деп корком" деген Наргиза быйыл 1-сентябрда 3 баласына 20 миң сомго мектеп формасын, окуу куралдарын сатып берген. Ал эми балдарына алдыда кышка карата кийим сатып алуу үчүн дагы иштеш керектигин айтат. Учурда Наргизанын балдары таежесинде тарбияланат.

Каарманыбыз ата-энеси каза болуп, турмушунан ажырашып, ысык очогу бузулуп кайгы чырмап жаткан оор абалда. Ал акыркы убакта тамеки тартууну үйрөнүп, кайгыларын эстегенде тамеки тартып жеңилдеп аларын айтты.

ТЫНЧТЫ АЛГАН РЕЙД

Наргиза буга чейин 3 ирет милиция кызматкерлери жүргүзгөн рейдде кармалган. Милиция алардын өздүгүн жазып, тактап, кайра эле көпкө кармабай коё берерин айтат.

"Биринчи жолу кармалганда милициялар журналисттер менен келишкен. Аябай катуу коркком. Кийин көнүп кеттим. Менин оюмча, милициялар үйлөрдө интимдик кызмат көрсөткөндөргө тийбей эле койсо болмок. Алар көчөдө топтошуп турган кыздарды кармай беришсин, анткени алар ачык эле кызмат көрсөтүп көчөдө жүрүшөт. А биздин эч кимге зыяныбыз тийбейт. Жума сайын текшерилип турабыз. Биз өзүбүздүн социалдык баракчабыз аркылуу кардар таап, үйдөн чыкпай иштейбиз", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(31)
19.09.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+61
Бул кабарды чыгарбай эле койбопсунар башкаларда оңой оокат деп кететда.
19.09.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
keba300989, туура, башы жакшы иштебей женил оокатка ыктагандарга "жакшы" реклама болду, тигилер да "иштейт" экен го деп... Алты санын аман болгон сон мээнет кылып адал акча тап, арам жолго баспай...
frunze777 түзөттү 2016-09-19 15:32:01
19.09.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+53
keba300989,Элита деп алганын ... Мин турлуу элита болгон чагында да сойкусун. Ресторандан ичмек турсун, Италиядан алдырып ичсенда, ал тамагын арам акчага келип атат... Кундо жуунуп таранганын менен , жууса кетпес куноого батып атасын... ХХХ...

Мээнет , адал эмгек менен балдарын баккан энелерге данк!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-19 15:33:46
19.09.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Москвада жанымда уч кыз иштейт.алардында 3-4балдары бар куйоолору менен ажырашкан.алар деле сойку болсо болмок бирок таза жолду тандашкан.
19.09.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Женил ойлуулар актана берет, маянасы аз болсо да эптеп курсак тоюндурса болот. Арам жол менен кооп акча таап, ресторандан тамак заказ кылып, 3 баласына 20мин чаптап турса албетте 10-15мин сомдук жумуштарды тоготпойт да..

Баарын эле оор турмушка шылтай берсенер келечегинер жок экен да... Эгер 100 жыл мурун жашап калганында 99 жамаачылуу кийимин 5-10 жылдап кийип, жуурат-жарма ичип, асынып олуп алмак экен да анда...

Оор турмушка шылтаганды койгула... Адам атына татыктуу б
19.09.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым озун сактай кор эч кимге кыйын кунду ыраа корбойм
19.09.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тобо кылдым пол жуу мойкада иште ,дененди сатып не кыласын
19.09.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир адамзатына ынсап берсин кудайым
19.09.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Денесин кантип бироого ыраа корот.Сен озунду аяп,озунду башкадан кантип кызганбай ошол ишке барасын.Ошол акчаны кантип чогултат ?Ото жиркеничтуу((((
19.09.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мактандыбы галстук тагынган, кыйын журналисттер, же шоу чөйрөсүндөгү адамдар деп. Алар да сага окшогон ыплас адамдар. Мындан көрө пол жууп, идиш жууп иштеген адал болот. Жума сайын текшерилсең да, күн сайын текшерилсең да таза коом үчүн арам деп эсептелинесиңер.
Эгер таза иш менен акча таап жашайм десеңер, жардам берчүлөр толтура.
19.09.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Rifle_S, туура айтасын.
Шоу чойро деле ушуга окшоп кетет
кээбир айымдар ыр жаздырууга,
клип тартууга акчаны спонсор болуп
ошол галстук тагынып чон кызматта
иштегендер берет. Алды машина квартирага чейин беришет.
Артисти аялым дебе
Sharos3 түзөттү 2016-09-19 18:06:44
19.09.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз Эркектердин намысыбыз,кызганычыбыз кучту болот.Болбосо экинчи Аялдыка алып камсыздасан болот.
rruslan88 түзөттү 2016-09-19 15:35:40
19.09.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
элитный сойку жонокой сойку вообще кандай айрымасы бар баары бир сойку да.элитныймын деп сыймыктанганда эмне. как будто стюардесца болгонсуп буларды тейлегем тигилерди тейлегем деп
19.09.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо мындай ажамдарга ыйман берсин.
Эркектерге да ыйман берсин балдарын багып камсыз кылсын деп айткым келет азыр эркектер аялынын таппканына конуп баратышат!

Ушунча кыйналса атасына таштап салбайт беле деген ой келди, эмнеге сандалат 3 бала менен баксын туудурган сон!!! Акылсыз аял экенсин!
Эрин эркек соорой кок мээ экен.
19.09.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur,туура.балдарын атасына ташташ керек болчу.Ал башка аял алып жашоосун откоруп атат.А бул 3баласын багам деп арам жолдо кыйналып журот.Башын иштесе балларынды атасына алып барып берип он жолду танда!
19.09.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytur, ушунун жомогуна ишенген сага рахмат
19.09.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чынымды айтсам сындагандан да корком....................
19.09.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Алматыда мини-гостиницада "САГИШКА"да горничная болуп иштедим 6 ай. Кундузу 6 келинчек кызмат кылышат, тункусун 20 чакты келинчектер келет. Жаштары 17ден баштап 54 ко чейинки куракта. Жалан казак,орус,татар,молдован,озбек улутундагылар. Бир да кыргыз келинчек коргон жокмун. Иштеген ишимден жийиркенсем да акчасы учун иштедим. Гостиницанын бир болмосундо бекер жатакана, бекер тамак сунушташты жетекчилик.
Ошол кезде кордум мугалим, СПАСАЛОНдо маникюрша ж.б. толгон-токой кесиптег
19.09.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыретинерди ойлосонорчу...кудайдын астына барганда бул шылтоон кабыл болбойт. Коп-коп дуа кылганында Аллах башка жолду ачмак. Али да кеч эмес, тообо кылып,кайт бул жолдон.балдарын чонойгондо барибир уйронот.аларды кантип бакканынды...аларды уйлой турган мезгил да келет ошондо сенин айындан эл караган жузу жер караганда,жузуно тукурсо таарынба...
Sultanim түзөттү 2016-09-19 16:45:55
19.09.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bul iwke erkekterda kunoolu owondoi soikularga barbasa ech kim ozdoru jogolup ketiwet. Allah baarybyzdy korup turat joop bereeer kundu unutbaily.
19.09.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Adi.Avazbekov, тилекке каршы андай эркектер дайым табылат, бирок башкы куноо эркектерде эмес ошол сойкулардын озундо да бироо аларды мажбурлап иштетпеген сон... Союз убагында акчага денесин саткан сойкулар жок болчу айылдагы 1-2 аягы суюктарды кошпогондо. Азыр айылда ого эле коп бузулган кыз, ажырашып "ойноп" жургон келиндер бар, шаарда андан да коп, гостиница, суточный квартиралардын баары "ошолорго" толо..
19.09.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан көрө ХХХ ХХХ ХХХ балдарың арам тамак менен бакпай
Модератор admin_portal түзөттү 2016-09-20 10:29:17
20.09.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uson13, провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
19.09.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен деле уч балам менен ажырашкам, бирок женил ойлуу болуп акча табуу оюма да келген эмес. Себеби, балдарым арам тамак жеп чонойсо, эртен мен кандай кун кором, деги эле койчу, наркы дуйно азабын эки тарткым келбейт. Озум эч-жерде иштебейм , эки Жогорку кесиптин ээсимин, жумушка кирейин десен эле, шапкасы 2000$-5000$чейин сурашат. Ошого оз кучум менен кирем деп аракет кылып, убакыт отуп баратат. Ар бир баланын оз ырыскы бар дегендей, ата-энем, бир туугандарым, досторум себепчи болуп, Алла Таала
19.09.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла Таалам бизди багып келе жатат. Эн негизгиси сабырдуу, умутту узбош керек келечектен.
19.09.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ewekke jabuu japsan dele ewekta. Ak it kara it baary bir itta.
19.09.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдым, элитныйсынбы же жонокойбу баары бир сойкусун да. Мамлекет, чиновниктер кунолуу дегенди койгулачы. Алты санын аманбы, адал эмгек менен деле акча тапса болот. Кийин 3 баласы чонойсо, эмне деп жооп берет?!
19.09.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арам арам арам ошондон коро идиш аяк болсо да жууп балдарындын курсагын тойгуз. Балдарына арам жедирбе жооп бересин.
19.09.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо Ф.Бда бироо "сойкулар чын ниеттен иштесе, мандайынан тер чыкса, алардын деле тапканы адал болот" деп жазган экен. Оозум Ошту карап калды.. .Кудай сактаа!
19.09.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сын такпайын ар Бир нерсеге тооба келтирели,баарынанда ыйман берсин сендейлерге,Адам деп айткангада ооз барбайт,кантип жашап журосун деймда бул дуйнодо,акыретте сени кандай жаза кутуп турганын билсен кана,Бир Гана Аллахым сенин жазанды берет,ал Кун алыс эмес,ошол арам тамак мн чонойткон балдарын Адам болуп чоноюшуна козум жетпейт,Бир Гана келме келтирип сендейлерге кудайыман ыйман тилейм,ээ кудайым ыйман ынсап бере кор кор пенделерине
tatynaaiym түзөттү 2016-09-19 23:52:30
20.09.2016. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер начарбыз... Намыс кеткен кыргыздын эркектеринен ошого ушундай макала чыгып ачык эле эч кимден коркушпайт уялышпайт.прездентибиз депутатарыбыз эч ким унчукпайт билмексен кормоксон милисалар чогу иштешет ошолор мн озубуз шарт тузуп беребиз бул факт да качан кыргыздын кыздары ошонтип иштечу эле тарыхта.Мындан оор абалда согушта ачарчылыкта да кыргыз аялдар намыстарын бек сактап журчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: