Нью-Йорк шаарындагы жардырууга катыштыгы бар делип 5 адам кармалды






Нью-Йорк шаарынын Челси аймагында болгон жардырууга катыштыгы бар делип 5 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруудан улам 29 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Айрымдарынын абалы оор экени айтылууда.
"Кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү кечээ кечинде болду. Кылмышкерлерди кармоо үчүн Нью-Йорк менен Бруклинди байланыштырып турган көпүрөдөгү жол кыймылы убактылуу токтотулган", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Челси аймагындагы жардыруу 17-сентябрь күнү кечинде болгон. Бул окуя боюнча шаар башкармалыгы бул атайын жасалган акт экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.