super.kg logo
  Саясат  

"Жалданма топтор" социалдык тармактан акча иштеп жатышабы?

 

Кыргыз мамлекетинде Конституцияны өзгөртүү аракетине байланыштуу саясий кырдаалдын курчушу интернет мейкиндигинде "тролль" деп аталган "жалданма топтордун" ишин жандандырганы байкалууда. Адатта мындай көрүнүш шайлоолордо күч алып, социалдык тармактарда түрдүү аталыштар менен катталган "жалданмалар" комментарий жазуу аркылуу кимдир бирөөлөргө кызмат кылышат. Алар шайлоого катышкан саясий партияларды, алардын лидерлерин мактап-жактап, же тескерисинче, атаандаштарын каралаган, айыбын чукуган комментарийлерди жазганы үчүн кадимкидей маяна алышары белгилүү.

Шайлоолордо гана эмес, саясатчылар ортосундагы тирешүүлөрдө да "жалданма топтордун" күнү тууйт. Жакында маалымат агенттиктеринин бириндеги кабардын астына өчүрүлүшү керек болгон сүйлөмү өчүрүлбөй калган комментарий жазылды. Анда "Акипресске" комментарий катары жайгаштыр" деп кимдир бирөө "троллдорго" маалымат даярдап бергени көрүнүп турат. Ал комментарийде Конституцияны өзгөртүүгө кескин каршылык билдирип жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди айыптаган сөздөр жазылган. Конституциялык реформага байланыштуу өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши күчүндө. Текебаевдин атаандаштары "маалыматтык согуштан" жеңип чыгуу үчүн "троллдордун" кызматын пайдаланып жаткан сыяктанат.

Адистердин айтымында, "троллдордун" кызмат акылары түрдүүчө. Медиа эксперт Толкун Умаралиев кыргыз жериндеги жалданма топтор ишин мыкты деңгээлде аткара албай турганын белгилеп, жогорудагы комментарийдин жарыяланып кетишин мисал келтирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: