Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашевдин жубайы көз жумду
Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашевдин жубайы көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Аалы Карашевдин жубайы Мэри Карашева узакка созулган оорудан улам Германиядагы ооруканалардын биринде көз жумган. Ал 48 жашта болгон. Маркумдун сөөгү Орто-Сай айылындагы көрүстөнгө коюлду.
Айта кетсек, Мэри Карашева башкы прокурор Индира Жолдубаеванын бир тууган эжеси болгон.
Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан Мэри Карашеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына SUPER.KG порталынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:9
2026-02-23
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Баса баш прокурордун кызмат тепкичин 5-10дон бир аттап баш прокурорлукка жетип келиши тегин жерден эмес экен да прокуратура тармагында кооптогон жылдар ак кызмат кылып эмгеги сингендер калып жапжаш эле бири келип калганына караганда...