Ысык-Көл облусунда өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү өз кызын аялы үйдө жок кезде зордуктап жүргөн. Жабырлануучу 12 жашта болгон.
"Милицияга арыз менен кыздын апасы август айында кайрылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип кыздын атасы камакка алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - дейт Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын катчысы Сталбек Усубакунов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

кылбайт. ХХХ ХХХ ХХХ