Бишкекте саммит учурунда жол көзөмөлдөгөн милициянын бутун тебелеген айдоочуга кылмыш иши козголду
Бишкекте саммит учурунда жол көзөмөлдөгөн милициянын бутун тебелеген айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Саммит учурунда жол көзөмөлдөгөн милиция кызматкерин 35-40 жаштар чамасындагы К.Ж. аттуу айдоочу Toyota Wish үлгүсүндөгү унаасын уруксат берилбеген жерге токтотуп жатып милиционердин бутун тебелеп кеткен. Жабыркаган кызматкер ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, айдоочу милиция кызматкеринин эскертүүсүнө карабай унаасын токтотууга аракет жасаган. Айдоочуга "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 1980-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну болгон.
Бейбаштыкка айыпталган айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган тургундун унаасы айып аянтына токтотулган.

Анын эмнесине айдоочуну каматтырат, жарайт токтотууга уруксат берилбеген жер болсо милициясыз деле айдоочу ал белгини коргон чыгаар?!
Бул жерде экоонун ич-ара соз табыша албай ар кимиси озунукун туура деп "Праваларын качать" эткендерин байкадым. Оздору чечишээр...