Австралияны утуп кубандырган футболчуларыбыз 2-турда Японияга 8:0 эсебинде утулушту






Бүгүн, 19-сентябрда футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун 2-тур оюндары ойнолууда. Бул турда Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курамасы Японияга каршы туруп, 8:0 эсебинде утулууга мажбур болду. Атаандаштар биздин футболчулардан ылдамдыгы, топ тартып алуудагы жана топ менен жүгүрүүдөгү мыктылыгы, бири-бири менен байланыш куруудагы чеберчилиги менен айырмаланышты.
Алгачкы таймда кыргыз футболчулары коргонууда жакшы ойноп башташкан. Көп голдор футболчуларыбыз кетирген орой каталардан улам кирип жатты. Алгачкы таймда 3:0 эсебинде катталса, кийинки таймда 5 гол кирди. Япониялыктар 2 голду пенальтиден киргизишти.
"В" тайпасындагы оюндар жана жыйынтыктары:
Өспүрүмдөр курамасынын оюндары:
16-сентябрь. 1-тур
Австралия-Кыргыз Республикасы - 0:1
Гол: Адилет Каныбек уулу (76-мүнөттө)
Япония-Вьетнам - 7:0
19-сентябрь. 2-тур
Кыргыз Республикасы-Япония - 0:8
Австралия-Вьетнам - 2:3
22-сентябрь. 3-тур
Вьетнам-Кыргыз Республикасы
Япония-Австралия
Азия чемпиондугу-2016: Кыргызстан-Япония

Женет женилет мына ушундай булар жаштар болгондуктан анча тажырыйба да жок болушу мумкун балким бирок, азиянын чемпиондору дешет Япондорду!
Аларга да туруштук беруу кыйынга турат!
Кандай болсо да умут бар жамандабай кайра ийгилик кааалайлы!
Алгааа Кыргызстан!