Текебаевге каршы провокациялар уюштурулуудабы?

Бүгүн, 19-сентябрда Ак үйдүн жанында митингге чыккан Кой-Таш айылынын 50 чакты тургуну менен Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жолукту. Митингчилер андан Атамбаевдин хан сарайы тууралуу жашыруун маалыматты берген адамдардын аттарын айтууну талап кылышты. Текебаев аларга 2005-2006-жылдары "Ата Мекен" менен КСДПнын өкүлдөрү Ак үйдүн алдында нааразычылык акцияларына чогуу чыкканын айтты. "2007-жылы Бакиев элди кууганда биз чогуу турганбыз, бирок бир адам биз менен турган эмес. Ал киши - Атамбаев. Атамбаев Бакиев менен Ак үйдүн ичинде отурган", - деди Текебаев.
Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин хан сарайы Кой-Таш айылында салынып жатат. Бүгүнкү маалымат жыйынында Ө.Текебаев Атамбаевдин жердештери андан хан сарай тууралуу жашыруун маалыматты берген адамдардын аттарын айтууну талап кылышканын билдирген. "Алар айылдагы бардык үйлөргө иттер менен кирип издешиптир. Эгер таап алышса, ур-токмокко алышы мүмкүн. Бул коркутуу аракеттери. Бул тоталитардык мамлекетти куруунун белгиси", - деген Текебаев.
Текебаев менен Кой-Таш айылынын эли кайым айтыша кетишти

