super.kg logo

Жылнаама, 20-СЕНТЯБРЬ: Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов тирүү болгондо 89 жашка толмок

 

1927-жылы 20-сентябрда саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Фрунзедеги Гидромелиоративдик техникумду, Ташкенттеги Ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтун бүтүргөн.

Чүй сугат тармагы башкармалыгында гидротехник, Кыргыз ССР ИАсынын Суу чарбасы жана энергетика институтунун кенже илимий кызматкери, Кыргызстан КП БКнын илим, жогорку окуу жайлар жана мектептер бөлүмүнүн инструктору, Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы, Кыргыз ССРинин Мелиорация жана суу чарба министри, Кыргызстан КП БК катчысы, Ош обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. СССР Жогорку, Кыргыз ССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

1980-жылы каргашалуу окуянын кесепетинен 53 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

20-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.09.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизге Исхак Разаков, Торобай Кулатов, Султан Ибраимов агаларыбыздай ЧЫНЫГЫ ЭЛ УУЛДАРЫ жетишпей келет, мыктылары табылса азуусу канга толгон бийлик алардан кутулууга шашат (Н.Исанов, Б.Осмонов, С.Жээнбеков, М.Мырзакматов).

Корсо коро албас ичи кара арам ойлуулар дайыма болгон экен, ошол эле Исхак Разаков агайыбызды улутчулдукта айыптап иштен алышкан. Султан Ибраимовду болсо олтуруп тынышты, бул "заказдын" артында Усубалиев болсо керек деп ойлой берем негедир..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: